Уурдап кетүүгө мүмкүн болбогон автоунаалар аталды. Тизме

Иликтегендер автомашинанын 11 түрүн карап чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Унаа уурулары үчүн Audi e-tron, Mercedes-Benz B-Class, Jaguar XE жана Land Rover Evoque машиналарын айдай качуу оор. Бул тууралуу Британиянын Thatcham Research иликтөө борбору билдирди.

Эксперттер жыл өткөн сайын унаа ууруларынын фантазиясы да күчөп, каракчылыктын жаңы ыкмаларын ойлоп таап жатышат. Мындан улам коопсуз машиналардын тизмесин түзүп чыгуу чечими кабыл алынган.

"Иликтегендер механикалык же электрондук системанын кемчиликтери аркылуу унаанын 11 түрүн талкалап киришкен. Ford Mondeo, Kia ProCeed, Hyundai Nexo, Porsche Macan, Lexus UX жана Toyota Corolla Hybrid автолору айдай качууга оңой боуп чыккан. Тесттер аралыкта туруп дал ушул унааларды ачып кирүүгө болорун далилдешти", — деп айтылат маалыматта.

Айдай качууга эң "ылайыкташкан" унаа Япониянын Suzuki Jimny жолтандабасы болуп чыкты. Эксперттер сигнализация жана дөңгөлөктөрүнүн блоктолуу системасы өтө чабал деген жыйынтыкка келишкен.