Кыргыз "Тайсону" бир турнирде 4 мушкерди жеңип, Mercedes-Benz утуп алды! Видео

Кечээ 66 килограмм салмактагы кыргыздын алдыңкы мушкерлери бир турнирде күч сынашты. Мелдештин өзгөчөлүгү спортчулардын 8/1 финалдан баштап беттешкени болду.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Тайсон каймана аты менен таанымал мушкер Канат Келдибеков WEF Grand Prix турнирин утуп, чемпиондук курга жана Mercedes-Benz унаасына ээ болду. Бул туурасында мелдешти уюштурган Кулатуу эр таймаш (WEF) федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш кечээ, 21-мартта, Кожомкул атындагы Спорт сарайында өттү. Турнирге бир гана 66 килограмм салмактагы кыргыздын алдыңкы мушкерлери катышты. Мелдештин өзгөчөлүгү спортчулардын 8/1 финалдан баштап күч сынашканы болду. Жалпысынан 14 мушкер бири-бири менен беттешти.

Жыйынтыгында Канат Келдибеков жеңүүчү деп табылды. Ал жалпысынан төрт беттеш өткөргөн.

Келдибеков 8/1 финалда Бекмамат Абдибаит уулун техникалык нокаут менен уткан.

Чейрек финалда калыстардын чечими менен Бекболот Абдылда уулун жер каратты.

Жарым финал Келдибеков үчүн эң кыйын кармаштардын бири болду. Оор соккулары менен эл оозуна алынып келе жаткан Алимардан Абдыкааровду муунтуу ыкмасы менен гана жеңе алды.

Финалдык беттештин биринчи раундунда Немат Абдрашитовду дагы муунтуу ыкмасы менен утуп алды.

27 жаштагы Канат Келдибеков аралаш мушташ (ММА) боюнча белгилүү мушкерлердин бири. Карьерасында 12 мелдешти утуп, төрт ирет жеңилген. Былтыр беделдүү делген "Ахмат" лигасы менен келишим түзгөн.

Sputnik "Тайсондун" үй-бүлөсү жана жашоосу тууралуу видеоматериал даярдаган. Анда спортчу 6 жаштагы уулун дарылоого жардам сураган болчу.