Ямайка да 100 доллар бөлүптүр. 15 жылда кайсы өлкөдөн канча акча келди. График

Улуттук статистика комитети инвестициялар боюнча маалыматты 2004-жылдан бери тизмектеп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстанга 150гө чукул өлкөдөн 63,6 миллиард доллар инвестиция келди.

Улуттук статистика комитети инвестициялар боюнча маалыматты 2004-жылдан бери тизмектеп келет.

Ямайка да 100 доллар бөлүптүр. 15 жылда кайсы өлкөдөн канча акча келди. График

Ошол жылдан тарта 2018-жылдын аягына чейин 152 өлкө жана бир нече эл аралык уюмдардан каражат келген.

Лидерлердин үчтүгүнө Канада, Россия жана Кытай кирет.

Ямайка да 100 доллар бөлүптүр. 15 жылда кайсы өлкөдөн канча акча келди. График

17 мамлекеттен 100 миллион доллардан миллиардга чейин "жардам" келген. Алардын ичинде экономикасы өнүп-өскөн Германия, Нидерланддар, Люксембург жана эмнегедир биз үчүн күтүүсүз болгон Белиз, Кипр, Сейшел сыяктуу жерлер бар.

Андан кызыгы Ямайка, Бурунди жана Парагвай 100 доллардан, Тунис, Гана жана Венесуэладан 200 доллардан инвестиция түшкөн. Непал 15 жыл аралыгында 300 доллар которсо, 400 доллардан Кения менен Мексика жөнөткөн. Уганда, Брунея жана Доминикан республикалары (ар бири) 1 миң доллардан азыраак акча жиберишкен.