ӨКМ: Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Өрттөн жабыр тарткандар болгон жок.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкектин №4 кичирайонундагы төрт кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык тууралуу маалымат 11.26да түшкөн. Жеринде эки өрт өчүрүүчү бөлүм иштеди.

Өрттөн жабыр тарткандар болгон жок.