Бишкекте 215 даана курал-жарак алынды. Сүрөт

Укук коргоо органдары 26 объектини текшеришкен. Анын ичинде курал-жарак сактоо жайлары менен жеке күзөт агенттиктери да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында эки күндө 215 даана ок атуучу жана газотравматикалык курал-жарак 155 даана огу менен алынган. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Бишкекте 215 даана курал-жарак алынды. Сүрөт

Ага ылайык, курал-жарактар Нооруз майрамына карата 18-19-мартта коомдук тартипти сактоого багытталган рейд учурунда алынган.

Бишкекте 215 даана курал-жарак алынды. Сүрөт

Укук коргоо органдары 26 объектини текшеришкен. Анын ичинде курал-жарак сактоо жайлары менен жеке күзөт агенттиктери да бар. Андан сырткары, аңчылык куралды алып жүрүүгө укугу бар 1073 киши, газотравматикалык тапанчасы бар 276 жана куралды белек катары алган 147 адам да текшерилген.

Бул фактылардын бардыгы Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестерге катталып, баштапкы тергөө амалдары башталды.