Бакай-Ата жаңы конушунда унаа койдуруп кеткен окуучу каза болду

Айдоочу менен окуучунун аты-жөнү такталды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бүгүн кечке жуук Бишкектин Бакай-Ата жаңы конушунда окуучуну унаа койдуруп кетип, жабырлануучу ошол жерден көз жумду. Бул тууралуу шаардык милициядан тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык 22-март күнү кечки саат алты чамасында болгон.

Милициядан билдиришкендей, айдоочу менен окуучунун аты-жөнү такталды.

Кошумча маалымат берилери айтылды.