Вена, Милан жана Мюнхен шаарында өткөндөй фестиваль Бишкекте болот

Аталган иш-чара маданий жана билим берүү мүнөзүн көздөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Борбор калаада "Россиянын гүлдөрү" аттуу XIV эл аралык маданий фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборунан билдиришти.

Фестиваль 25-30-мартта өтөт.

Анын алкагында Россиядагы балдар театрларынын эң алдыңкысы "Домисолька" музыкалык театры өнөрүн көрсөтөт:

  • актердук жана вокалдык чеберчилик боюнча мастер-класстар өтүлөт;
  • балдардын "Кукольный формат" театры спектакль көрсөтөт;
  • "Россия балдардын көзү менен" аттуу көркөм эмгектердин көргөзмөсү болот;
  • Россиядагы жана Кыргызстандагы балдардын искусство мектептеринин мугалимдери үчүн тегерек столдор уюштурулат.

Ак-Суу райондук балдар үйү быйыл 16-жолу элге сүмөлөк таратууда
Жалпысынан бул иш-чара маданий жана билим берүү мүнөзүн көздөйт.

Долбоор 2013-жылы түзүлгөн. Алты жылдын ичинде долбоор Афина, Братислава, Вена, Милан, Мюнхен, Прага, Хельсинки өңдөнгөн ири шаарларда көрсөтүлгөн.

Фестивалды Россиянын Маданият министрлиги Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана "Россотрудничество" коомдук уюмунун КРдеги өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурууда.