Жалал-Абад шаарында Ноорузга карата 40 казан сүмөлөк кайнатылды

Жергиликтүү бюджеттен жалпы Нооруз майрамын өткөрүүгө 190 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамына карата "Сүмөлөк фестивалына" 40 казан сүмөлөк кайнатылды.

Жаз майрамы борбордук аянтта сүмөлөк ооз тийүү каадасы менен башталып, аны ыр-күүлөр коштоду.

Калаа мэри Мураталы Тагаев шаар тургундарын жана конокторун бүгүнкү жаратылыш ойгонуп, күн менен түн теңелген Нооруз менен куттуктады.

Бишкектеги Нооруздун шаңы. Видео
Майрамдык салтанатка арналган иш-чара жаздын келишин даңазалаган театралдаштырылган көрүнүштөр менен улантылып, жергиликтүү жана борбор калаадан чакырылган өнөрпоздордун концерттик программасы менен коштолду. Ошондой эле Нооруз майрамынын алкагында шаар тургундарына жана келген конокторго тамак-аш жана улуттук кийимдер жарманкеси уюштурулган.

Эскерте кетсек, бул жылы Жалал-Абад шаары жылдагыдан өзгөчөлөнүп Нооруз майрамын утурлай "Сүмөлөк фестивалын" уюштурган. Анда жергиликтүү мекеме-ишканалар 40 казан асып сүмөлөк кайнатты. Ал эми жергиликтүү бюджеттен жалпы Нооруз майрамын өткөрүүгө 190 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.