Ысык чайдын кайсы рак оорусун жаратары айтылды

Адистер 50 миң кишиге тажрыйба жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Америкадагы онкологиялык оору боюнча коомдон ысык чайды күн сайын ичүү кызыл өңгөч рагынын жаралышын 90 пайызга шарттайт деген божомолду айтышкан. Бул туурасында "Известия" жазды.

Рактан корккон үч бир тууган ашказанын алдырып салды
Адистер бул ооруну пайда кылыш үчүн 60 градуска чейинки 700 миллиграмм ысык чайды күн сайын ичкен жетиштүү болот дешкен.

Окумуштуулар 50 миңден ашуун кишиге 10 жылдап изилдөө жүргүзгөн. Алардын курагы 40-75 жаштын ортосунда болгон. Тажрыйба учурунда кызыл өңгөч рагынын 317 учуру катталган.

Адистердин айтымына караганда, бул адамдардын көбү ысык чайды сүйүүчүлөр болгон.

Медиктер чайды куйгандан кийин бир нече убакытка чейин, тагыраагы, суугуча күтүп, андан соң ичүүнү сунуштайт.