Министр Айдарбеков индиялык кесиптеши менен кызматташуу маселесин талкуулады

Сүйлөшүүдө 2019-жылдын июнь айында Бишкекке келе турган Индиянын премьер-министринин сапарын даярдоо маселесине өзгөчө басым жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Министр Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте элчиликтер кайрымдуулук жарманкесин уюштурду. Сүрөт
Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган ШКУнун министрлер кеңеши жана ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити сыяктуу иш-чаралар талкууланган.

Маалыматта 2019-жылдын июнь айында Индиянын премьер-министринин Кыргызстанга болчу сапарын даярдоо маселелерине өзгөчө басым жасалганы да айтылган.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, алдыдагы биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууда активдүү иштөөнү да талкуулаган.