Айдан аман, жылдан эсен чыгалы. Жээнбеков элди куттуктады

Президенттин куттуктоосунда Ноорузду эл аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келгени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, ал жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы экенин белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин куттуктоосунда Нооруз майрамы эзелтен бери нукура элдик майрамды эл аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келгени айтылат.

"Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды дагы байытып, кийинки урпактарыбызга жеткиребиз. Бүгүн ар бир үйдө берекелүү дасторкон жайылып, сүмөлөк кайнатылат. Жергебиз майрам шаңына бөлөнүп, ыр-күлкү жаңырат. Баба дыйкан үрөн белендеп, жер айдоого камынат", — деп айтылат куттуктоодо.

Президент ошондой эле эл айдан аман, жылдан эсен чыгып, ар бир үй-бүлө бактылуу болуп, өлкө өнүгүп, алдыга койгон ой-максаттар ишке ашышына тилектеш экенин билдирген.