Облус башчысы, мэр жана министр сүмөлөк кайнатты. Оштогу кадыр түндүн сүрөттөрү

Сүмөлөктү тилек айтып аралаштыргандардын катарында жергиликтүү тургундар менен студенттер да болду.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Ош калаасындагы Жаштар паркында шаардыктар жана бийлик өкүлдөрү Нооруздун алдында кадыр түн тосту. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Улустун улуу күнү деп аталган Нооруздун алдында элге көңүл ачуучу программалар уюштурулду. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар мэри Таалайбек Сарыбашев жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Кадыр түндө мининстр менен шаар башчысы сүмөлөк аралаштырды. Нооруздун символу болгон бул даамды тилек айтып аралаштыргандардын катарында жергиликтүү тургундар менен студенттер да болду.