Бишкектеги Нооруздун шаңы. Видео

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата атайын салтанат уюштурулду.
Sputnik

Ага калаа тургундары менен коноктору, төрага Дастан Жумабеков, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана мэр Азиз Суракматов баштаган аткаминерлер катышты.

"Нооруз жаңы демдин, жаздын, алдыдагы чоң ийгиликтердин жарчысы, аалам жаңырып, тилектер айтылып, баарыбыз жакшылыктарга даярданабыз. Дыйкан талаага дан чачып эл-журтка токчулукту тилеген учур", — деди Суракматов.

Ал ошондой эле алдыда чоң пландарды ынтымак жана биримдик менен аткарып, сүйүктүү Бишкекти жакшы жакка өзгөртүүгө, гүлдөтүүгө багыт алынганын кошумчалады.

Нооруз майрамына карата "Ак-Кулада" болгон көк бөрүнүн видеосу
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Нооруз майрамы миңдеген жылдарды карытканына, анын өзгөчөлүгү бар экенине токтолду.

"Байыртадан ата-энебиз ушул күнү үй-жайын иретке келтирип тазалап, жер жарылып чөп чык, желин жарылып сүт чык деп токчулукту ниет кылып, ар бир үйгө ырыскы, токчулук, ырашкерлик келсин деп үмүт кылган", — деди ал.

Төрага ошондой эле ата-бабалар Ноорузду жаздын келиши гана эмес, жаңы күндүн, жаңы доордун башталышы деп билгенин айтты.

Майрамдык иш-чара концерт менен коштолду.