Бишкекте элчиликтер кайрымдуулук жарманкесин уюштурду. Сүрөт

Андан түшкөн каражаттарды өлкө аймагындагы социалдык мекемеге берүү пландалган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Борбор калаада Кыргызстандагы 20дан ашык чет өлкөлөрдүн элчиликтери кайрымдуулук жарманкесин өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жыл сайын Нооруз майрамында уюштурулган иш-чарада түрдүү улуттун тамак-ашы, кол өнөрчүлүк буюмдары сатыкка коюлат.

23 күн. Бишкекте Жибек Жолундагы өлкөлөрдүн интерактивдүү көргөзмөсү өтөт
Бул жылдагы жарманкеге тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, калаа башчысы Азиз Суракматов, бир катар чет элчилер менен дипломатиялык мекемелердин кызматкерлери катышты.

Иш-чара Бишкектеги Курманжан датканын эстелиги жайгашкан аянтчада өттү. Ал жерге бир канча мамлекеттин өкүлдөрү улуттук кийимчен сүрөткө түшүп, бир даарынын элдик бийлерди аткаргандыгын көрүүгө болот эле.

Жарманкеден түшкөн каражаттарды өлкө аймагындагы социалдык мекемелерге берүү пландалган.