ЖКККББга жаңы жетекчи дайындалды

Ведомствонун мурдагы башчысы Бишкек милициясына которулган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды.

ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ведомствону 46 жаштагы милициянын подполковниги Азамат Исраилов башкармай болду.

Ал буга чейин ЖКККББнын жол кайгуул жана административдик практика бөлүмүнүн жетекчиси болчу.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мурдагы начальниги Канат Жумагазиев Бишкек ШИИБге которулган.