БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында "Кыргыздын салттуу баш кийимдери" аттуу фотокөргөзмө ачылды.
Ага кыргыздын эркек жана аялдары кийген салттуу баш кийимдердин сүрөттөрү коюлуп, алардын тарыхы, кийүү каадасы тууралуу кызыктуу маалыматтар жазылган.
Көз жоосун алган сүрөт көргөзмө Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу тарабынан даярдалды.
Иш-чараны ачып жатып Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина долбоорду даярдоого бир жылга чукул убакыт кеткенин баса белгиледи.
"Кыргыздын салттуу баш кийимдери" долбоору калаанын тургундары менен конокторуна Нооруз майрамынын алдында чоң белек", — деди Череменина.
Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова көргөзмө уникалдуу экенин кошумчалады.
"Фотокөргөзмө шаар тургундары жана конокторуна жагат деп ишенем. Бул жерде аялдардын сулуулугу, кыргыз элинин тарыхы, эркек жана аялдардын баш кийимдери, айтор, кыргыз эли тууралуу бүт нерсе камтылган. Бул долбоор тарыхты эске салып турат", — деди Кузнецова.
Сүрөт көргөзмө Нооруз майрамына карата уюштурулду.