Радио

Программист: бир-эки күндө мобилдик тиркеменин прототибин даярдаса болот

Программист Айнура Сагын кызы TECHNOVATION Challenge долбоору 10 жаштан 18 жашка чейинки кыздарга IT технологияларынын негизинде программалоо ыкмаларын үйрөтөрүн айтты.
Sputnik
Программист: бир-эки күндө мобилдик тиркеменин прототибин даярдаса болот

Аталган долбоордо өспүрүм кыздар беш кишиден турган топко бөлүнүп, мобилдик тиркемелерди же алардын прототибин даярдашат. Бул тууралуу программист Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, долбоордун катышуучулары программалоону жеңилдетилген жол менен, тактап айтканда, блоктук программалоонун жардамы менен үйрөнүшөт. Жөнөкөйлөштүрүлгөн бул ыкма мобилдик тиркемени же анын прототибин бир-эки күндө даярдап коюуга шарт түзөт.

"Долбоор 100дөн ашуун өлкөдө ишке ашып келет. Программалоону өздөштүрүүнү каалаган кыздар англис тилин билсе, үйрөнүүгө жеңил болот. Бирок тил билбесе деле катыша беришет, эч кандай чектөөлөр жок. Бардык 10 жаштан 18 жашка чейинки каалоочу кыздар долбоорго кабыл алынат. Алар жасаган тиркемелер өлкөдөгү кандайдыр бир социалдык-экономикалык маселени чечүүгө багытталышы зарыл. Аны жаш ойлоп табуучулар башынан аягына чейин өздөрү иштеп чыгып, кийин тийиштүү деңгээлде жактоолору керек. Мыкты жасалган тиркемелер кароо-сынактарга жөнөтүлөт. Башында кандайдыр бир оорчулуктар болсо, насаатчылар жардам берип турушат", — деди Сагын кызы.

Ошондой эле ал январь айынан тарта апрелге чейин аталган эл аралык долбоорго сынак өтүп жаткандыгын кошумчалады.