Филиппинде өлгөн киттин ичинен 40 кг желим чыкты. Видео

Жыл сайын дүйнөдө үч миллион тонна желим таштанды ыргытылат. Анын 1,2 миллион тоннасы океанга түшөт.
Sputnik

Филиппинде жээкке чыгып өлүп калган киттин ашказанынан 40 килограмм желим баштык жана бөтөлкөлөрдү алып чыгышты. Бул тууралуу South China Morning Post гезити жазып, окуянын видеосун өзүнүн YouTube тармагындагы каналына жүктөдү.

Японияда кайык кит менен сүзүшүп, 87 адам жабыркады
Жаныбарды 16-март күнү Ситио Асинан аймагынан табышкан. Адистер анын өлүмүн иликтеш үчүн союп көргөндө ичинен 40 килограмм желим чыкты. Арасында күрүч салган 16, банан салган төрт жана дүкөндөрдө азык-түлүк салып берчү толгон-токой баштыктар болгон. Калганы суусундук бөтөлкөлөрү.

Киттин өлүмүнө дал ушул ташдандылар себеп болгону айтылды.

Маалыматка караганда, жыл сайын дүйнөдө үч миллион тонна желим таштанды ыргытылат. Анын 1,2 миллион тоннасы океанга түшөт. Алардын 60 пайызы Кытай, Индонезия, Филиппин, Вьетнам жана Шри-Ланкага туура келет. Мунун айынан миңдеген суу жаныбарлары кырылууда.