Дүйнөдө эки миллиарддан ашык киши таза сууга зар. БУУнун отчету

Эксперттер акыркы жылдары суунун айынан чыккан жаңжалдар көбөйгөнүн эскертишет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Эки миллиарддан ашык киши таза сууга жетпей, гигиеналык жөнөкөй каражаттарды колдоно албайт. Бул тууралуу ЮНЕСКО менен БУУнун суу жана санитария боюнча комитетинин суу ресурстарынын дүйнөдөгү өнүгүшү тууралуу докладында айтылганын РИА Новости жазды. 

Кыргызстанда крандан аккан суу кооптуу деген билдирүүгө министрлик жооп берди
Статистикага ылайык, дүйнөдө 10 кишинин үчөө таза сууга муктаж. Ал эми он кишинин алтоо санитардык кызматтардан пайдалана албайт.

Кир суу ичкендердин жарымы Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнө туура келет. Аталган аймакта жашагандардын 24 пайызынын гана таза суу ичкенге мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле бул жерди байырлагандардын арасында бай менен жардынын айырмасы аябай жогору.

Эксперттер, андан сырткары, дүйнө жүзүндө суу ресурстарынын айынан жаңжалдар көбөйгөнүн эскертет. 2000-жылдан 2009-жылга чейин алардын саны 94 болсо, 2010-жылдан 2018-жылга чейин түрдүү кагылыштардын саны 263кө чейин жеткен.