"Электр станциялары" ишканасынын башчысы мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Эшимбеков быйыл октябрь айында 57 жашка чыкмак.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. "Электр станциялары" ААКсынын башкы директору Аскар Эшимбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ишкананын маалымат катчылыгынан тастыкташты.

Билдирүүгө караганда, ал көп убакыттан бери ооруп жүргөн.

Эшимбеков быйыл октябрь айында 57 жашка чыкмак.

Энергетика тармагында 33 жылдан бери иштеген Аскар Эшимбеков эмгек жолун Ош ТЭЦинде электрослесарь болуп баштаган. "Электр станциялары" ААКсынын башкы директору болуп 2018-жылдын май айында дайындалган.