Кийинки жумадан тарта депутаттар шайлоочулар менен жолугат

Тийиштүү токтом Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 25-марттан 29-мартка чейин шайлоочулар менен жолугуу үчүн аймактарга чыгат. Тийиштүү токтом парламенттин жалпы жыйынында 93 депутаттын макулдугу менен кабыл алынды.

Буга чейин депутаттар январь айынын башында да аймактарды кыдырып эл менен жолугуп келген болчу.

Эл өкүлдөрү 3-апрелден тарта жумушка чыгышат.