Бала сатуу ишинин күбөсү: бизге ымыркайды 3 миң долларга сатышкан

Баланы асырап алган тарап акчаны дарыгерлерге бир нече күндөн кийин беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Э. М. аттуу чала тааныш аял башында уул баланы багып алууну сунуштап, кийин аны 3 миң долларга сатканын ымыркай сатууга айыпталып жаткан гинекологдордун сотунда М.Ш. аттуу күбө айтты.

Баласын сатмакчы болгон аял менен эки дарыгер камакка алынды
2018-жылы 7-сентябрда Бишкекте бала сатты жана мыйзамсыз аборт жасады делген шек менен бир нече гинеколог кармалган. Жалпысынан сегиз дарыгер сот жоопкерчилигине тартылууда.

Кармалгандарга Кылмыш жаза кодексинин 124үнчү ("Адам сатуу"), 116ынчы ("Мыйзамсыз аборт кылуу") жана 350-беренелери ("Жасалма документтерди даярдоо, колдонуу") боюнча үч кылмыш иши козголгон. Тергөө көрсөткөндөй, бардык сатып алуучулар Кыргызстанда жашап жүрүп кийин Россиянын жарандыгын алгандар.

М.Ш. "Орто-Сай" базарында сатуучу болуп иштей турганын айтты.

"Жанымдагы контейнерде ымыркайлардын кийимин сатышчу. Бир күнү эле ал жакта иштеген аялдын Э.М. деген кызы жумушка чыгып калды. Аны менен сүйлөшүп калып көп жылдардан бери боюнда болбой кыйналып жүргөн туугандарым бала асырап алууну да пландап жатышканын айттым. Андан кийин башка нерселер тууралуу сүйлөшүп калдык", — деди күбө.

М.Ш. аттуу аялдын айтымында, бир нече күндөн кийин Э.М. телефон чалып, бала асырап алуу тууралуу сүйлөшүү болгонун эстетип, уул баланы 3 миң долларга сатып алууну сунуштаган. Ал бала сатып алууну каалаган адамдар дароо макул болушкан. Күбө ошондой эле Э.М. менен шаардагы кичирайондордун биринде жолугушуп, ал баланы жана андан баш тартуу тууралуу катты алып келип бергенин айтты. Дарыгерлерге болсо акча бир нече күндөн кийин берилген.