Астана шаары эми Нурсултан деп аталмай болду

Конституциялык кеңеш тийиштүү чечимди кабыл алды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Казакстандын парламентинин төмөнкү жана жогорку палатасы борбор калааны биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин атынан атоо жөнүндө Конституцияга киргизилип жаткан толуктоолорду карашты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Назарбаев өмүр бою жетектей турган Коопсуздук кеңеши эмне иш кылат
Эки палатанын биргелешкен жыйынында мажилистин спикери Нурлан Нигматулин сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө өкмөт президентке Астана шаарынын атын өзгөртүү боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн республикалык референдум өткөрүү сунушун бергенин айтты. Өз кезегинде президент аталган сунушту референдумга алып чыкпастан, дароо эле парламенттин кароосуна жиберген.

"Конституциялык кеңеш аталган сунушту колдоо тууралуу чечим кабыл алды", — деди Нигматулин.

Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев 19-мартта президенттиктен кеткенин жар салган.