Куурчак театрынын мурдагы жетекчиси Сазаев узак оорудан улам дүйнө салды

Актер Сатылган Сазаев боор циррозу менен ооруп жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Сатылган Сазаев каза тапты. Бул туурасында ал эмгектенген Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдан кабарлашты.

Куурчак театрынын мурдагы жетекчиси Сазаев узак оорудан улам дүйнө салды

Маалыматка ылайык, Сазаев бүгүн эртең менен Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумду. Ал көп убакыттан бери боор циррозу менен жабыркап жүргөн.

Сатылган Сазаев 57 жашта эле. Кезинде Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын жетектеген.