Радио

Маткерим уулу: президентке кайрылуудан башка аргабыз калган жок

Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу өлкөдө мыйзамдар орто жана чакан бизнеске жардам бербей эле, тескерисинче, тоскоолдук жаратып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Маткерим уулу: президентке кайрылуудан башка аргабыз калган жок

Эгер ишкер кредит алып, өткөн жылдын сентябрь айында жүк ташуучу унаа сатып алган болсо, анын документ иштери бүткөнчө 2019-жылдын январы болуп калат. Ал эми бул айдан баштап жүк жана жүргүнчү ташыган унааларга лицензия берилбей калды. Учурда канчалаган ишкерлер, айдоочулар жапа чегип жатат. Биз эфирден пайдаланып президентке кайрылуудан башка аргабыз калган жок. Бул тууралуу Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, лицензиянын наркы аныкталганча эки айга уруксат кагазын эски мыйзамдагы баа менен узартып туруу чечими жаңы сатылып келген унааларга тиешеси жок. Ошондой эле эки айлык мөөнөт да март айы менен соңуна чыгат.

"Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө шарт түзүп жатабыз, мыйзамдар ылайыкташып өзгөрүүдө деп айтышат. Тилекке каршы, иш жүзүндө андай болгон жок. Учурда Канттагы цемент заводуна Казакстандан сырье ташыган 70-120 унаа, Эркечтам-Торугарт жолу аркылуу Кытайдан эл аралык каттамда жүк ташып жанын баккан 230-450гө чейинки машина, мындан сырткары, Европа, Түркия жана Россияга жүк ташыган 800-1000ге чукул унаа лицензиясы жок иштей албай турат. Булардын дээрлик бардыгы насыяга алынган жаңы жүк ташуучу унаалар болгондуктан, эки айга узартылган лицензия берүү системасына кирбейт. Жыйынтыгында канчалаган эл аралык келишимдер бузулуп, жергиликтүү ишкерлер зыян тартып, ЕАЭБ алкагында да өлкө аброюна шек келишине шарт түзүлүп жатат. Биз маселени чечүүнү тездетүүнү суранып, Жогорку Кеңешке, өкмөткө бир нече ирет кайрылдык. Жооп ала албай жатабыз. Президентке кайрылуудан башка аргабыз калган жок", — деди Маткерим уулу.

Ал жаралган көйгөйдөн улам ички рыноктогу сырттан кирген товарлардын баасы көтөрүлүп кетиши мүмкүндүгүн кошумчалады.