23 күн. Бишкекте Жибек Жолундагы өлкөлөрдүн интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

Иш-чара түрдүү мастер-класстар менен коштолот. Кытай күнүндө каллиграфия, кайчы менен оюу кесүү, Япония күнүндө чай куюу жөрөлгөсү, оригами жасоо тартууланат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде "Жибек Жолу" интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондусунан кабарлашты.

Кувейттеги Silkroad иш-чарасында кыргыз павильону 1-орунду алды
Көргөзмөгө Кыргызстан, ошондой эле Жибек Жолундагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Япония, Түштүк Корея, Пакистан, Афганистан жана Россиянын элчиликтери катышмакчы. Көргөзмөнүн жүрүшүндө ар бир өлкөгө бир күндөн атайын бөлүп берилген. Ошол күнү өлкө өзүнүн программасы менен катыша алат, ар бир мамлекет өз өлкөсүн толук таанытууга аракет жасайт.

Иш-чаранын максаты — интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек Жолунун боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү. Шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун, келечегин көрсөтүү. Маалыматта бул адамдар жана элдердин ортосундагы урмат-сыйды, достукту бекемдеп, соода-сатыктын жана туризмдин өнүгүшүн камсыздары айтылган.

Эске салсак, Кыргызстан Улуу Жибек Жолунун таманында жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Соода кербендери өлкөбүздүн Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдагы шаарлары аркылуу өткөн.

Иш-чара түрдүү мастер-класстар менен коштолот. Мисалы, Кытай күнүндө каллиграфия, кайчы менен оюу кесүү, Япония күнүндө чай куюу жөрөлгөсү, оригами жасоо, Кыргызстандын күнүндө кийиз басуу, андан буюм жасоо, ал эми Өзбекстан күнүндө керамикадан буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар болот. Ошондой эле Чыгыштын жоокердик искусствосу — кун-фу, каратэ, айкидо, көркөм гимнастика боюнча да мастер-класстар көрсөтүлөт.

Арабдарды тиши менен көтөрүп эсин оодарган Ташчайнар. Camel Fest видеосу
Көргөзмөнүн жүрүшүндө ар бир күндүн иш-чараларынын программасы алдын ала музейдин кире беришине илинери айтылды. Ошондой эле даярдыктын жүрүшү жана көргөзмө учурундагы программалар тууралуу маалыматтарды www. roza.kg сайтынан да көрүп турууга болот.

Интерактивдүү көргөзмө 2019-жылдын 5-апрелинде башталып, 28-апрелде аяктайт.

Көргөзмөнү "Роза Отунбаеванын демилгеси " эл аралык коомдук фондусу "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу менен биргеликте өткөрмөкчү.