Жан-жөкөрсүз жүргөндү жактырат. Вице-премьер Жеңиш Разаков тууралуу 8 факты

Бүгүн, 19-март, Кыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаковдун туулган күнү. Саясатчы 52 жашка толду.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөт башчынын орун басары тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.

Кыргызча ырдаганды жакшы көрөт. Азиз Суракматов тууралуу 7 факты
Шахтерлордун шаарында туулган.Жеңиш Разаков Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында 1967-жылдын 19-мартында жарык дүйнөгө келген. Атасы Барпы Разаков кесиби боюнча дарыгер. Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада иштеген, медициналык училищенин директорлугун аркалаган. Апасы Жанат Разакова Өзгөндөн. Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык училищеден билим алып, 35-40 жыл шаардык ооруканада медайым болуп иштеп пенсияга чыккан. Жеңиш Разаков төрт эркектин экинчиси. Үч уулу, бир кызы бар. Жубайы ишкерлик менен алектенет.

Үч жогорку билими бар. 1990-жылы маршал Дмитрий Устинов атындагы механикалык институттун колдонмо механика жана автоматика факультетин аяктаган. 1997-жылы КР ИИМинин Республикалык окуу борборун бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинен (сырттан окуу бөлүмү) билим алган. Бирок алгачкы кесиби менен дээрлик алектенген эмес. 1996-жылдан тарта ички иштер органдарына жумушка кирип, карьерасын ушул тармакта уланткан. 

Жан-жөкөрсүз жүргөндү жактырат. Вице-премьер Жеңиш Разаков тууралуу 8 факты

Милициянын полковниги. Саясатка келгенге чейин Разаков өзүн күч органдарында көрсөтө алган. 2000-жылы Баткен райондук ички иштер органынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлү болуп дайындалган. Кийинчерээк жетекчилик кызматка көтөрүлгөн. 2011-жылга чейин Баткен РИИБинин 9-бөлүмүн, ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүн башкарган. Кийин облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги болгон. Аскердик чини — полковник.

Баткенге арналган 19 жыл. Разаковдун карьерасындагы өзөктүү жана чукул бурулуштар дал ушул аймакта болгон. Жогоруда айтылгандай, он жылдан ашык убакыт милициянын катардагы кызматкеринен жетекчиликке чейин жетип, 2012-жылдан тарта саясатка өткөн. Тагыраагы, төрт жыл бою (2016-жылга чейин) Баткен облустук мамлекеттик администрациясын жетектеген. 

Жан-жөкөрсүз жүргөндү жактырат. Вице-премьер Жеңиш Разаков тууралуу 8 факты

Баткен окуясына катышкан. Вице-премьер Баткендеги 1999-2000-жылдардагы окуяга катышкан. "Анда Баткен Ош облусунун бир району эле. Мен милициянын лейтенанты болчумун. Террористтер менен биринчилерден болуп биз кармашканбыз", — деп маектеринин биринде айтканы бар. 

Самбо боюнча спорт чеберине талапкер. Разаков бала чагынан бери самбо жана грек-рим күрөшү менен машыгып келген. Ал тургай, 1989-жылы Ленинград аскердик-механикалык институтунда окуп жүргөндө спорттун бул түрү боюнча "спорт чеберине талапкер" наамына татыган. Ушу тапта чуркоо менен машыгат. 

Жан-жөкөрсүз жүргөндү жактырат. Вице-премьер Жеңиш Разаков тууралуу 8 факты

Жалгыз жүргөндү жакшы көрөт. Жергиликтүү ЖМКлардын бирине берген маегинде жөн-жөкөрү жок жалгыз жүрүүнү жактырарын айткан. Өзгөчө ээн-эркин басып, каалаган учурда дүкөн, базарларга кире калып, сатуучулар менен сүйлөшүп, пикир алышуу ал үчүн көнүмүш нерсе экенин кошумчалаган.