Апрелде Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Ташкентте жолугат

Өлкө башчысы АКШ, Германия, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчилер менен жолукту.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандагы элчи Ибрагим Жунусовду, АКШдагы элчи Болот Отунбаевди, Германиядагы элчи Эринес Оторбаевди, Бириккен Араб Эмирлигиндеги (БАЭ) элчи Чыңгыз Эшимбековду жана Казакстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Алиясбек Алымкуловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын чет өлкөлөр менен болгон эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуусунун бардык тармактары боюнча маселелер талкууланып, элчилердин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

Өзбекстандагы элчи Ибрагим Жунусов менен апрель айында Ташкентте өтө турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Консультативдик жолугушуусуна даярдык, мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аягына чыгаруу жана маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланды.

Чай ичкени эле барат! Жээнбековдун аткаминерлерди зекиген видеосу
Германиядагы элчи Эринес Оторбаев жана БАЭдеги элчи Чыңгыз Эшимбеков менен саясий, инвестициялык, соода-экономикалык, энергетикалык, айыл чарба, туризм тармактарындагы өз ара аракеттешүүгө тийиштүү негизги багыттар белгиленип, президенттин бул өлкөлөргө алдыда боло турган сапарларына даярдык көрүү маселелери каралды.

Батыштын өлкөлөрү менен болгон кызматташууда кызыкчылык туудурган экономикалык тармактар катары президент кайра иштетүү, жеңил жана тамак-аш өнөр жайын, энергетиканы жана туризмди атады.

АКШдагы элчи Болот Отунбаевге эки тараптуу саясий кызматташтыкты активдештирүү, инвестицияларды тартуу зарылдыгын белгилеп, чет өлкөлөрдө кыргызстандыктардын укуктарын активдүү коргоп, аларга конкреттүү жардам берүү милдетин койду.