Сауд Аравиядагы этнофестиваль аяктады. Эми кыргызстандыктар кайтышат

Фестивалга 90 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Кыргызстандан эки миңге жакын киши кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 19-мартта Сауд Аравияда Camel Fast фестивалынын алкагындагы "Көчмөндөр ааламы" эл аралык этнофестивалы аяктады. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Алп акын Аалы алп жигиттер менен Сауд Аравияда. Фотофакт
Жабылыш аземине Кыргызстандан барган чыгармачыл топтор менен спортчулар катышып, атамекендик дизайнерлердин улуттук кийимдер коллекциясы көрсөтүлгөн.

Фестиваль атайын курулган этношаарчада болуп, иш-чара бир канча жерде өткөн. Атап айтканда ипподромдо, башкы сахнада, этнобазарда, киностанда, цирк аянтчасында, кыргыз айылы жана чет элдик катышуучулар үчүн тигилген боз үй айылында жана башка жерлерде орун алган.

Этнофестивалга 90 мамлекеттен келген өкүлдөр катышкан. Кыргызстандан эки миңге жакын киши кеткен.