Окумуштуулар өлүмдү эрте чакырган азык-түлүктөрдү тизмектеди

Күн сайын холестеринди 300 миллиграммдан колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларын 17 пайызга, ал эми жалпы өлүм тобокелдигин 18 пайызга жогорулатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Курамында холестерини бар азыктарды жана жумуртканы байма-бай колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучун жогорулатып, өлүмдүн эрте келишин шарттайт. Бул туурасында "Известия" агенттиги АКШдагы окумуштуулардын пикирине таянып жазды.

Кадимки кара моюлдун ден соолукка пайдалуу экени аныкталды
Адистер ар улуттагы 30 миңге чукул адамдын катышуусунда алты ирет иликтөө жүргүзүшкөн. Ыктыярчылар узун тизмеден турган тамак-аштын анкетасын толтуруп, бир айда же жыл ичинде эмне жегенин белгилешкен. Катышуучулардын ден соолугуна 31 жыл бою көзөмөл жүргүзүлүп турган. Бул убакытта аларда 5,4 миңинен жүрөк-кан тамыр оорусу аныкталып, дагы башка себептер менен 6132 өлүм катталган.

Көрсө күн сайын 300 миллиграмм тамак-аш холестеринин колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларын 17 пайызга, ал эми жалпы өлүм тобокелдигин 18 пайызга жогорулаткан.

Мындан тышкары, жумасына 3-4 даана жумуртка жеп туруу дагы жүрөк-кан тамыр ооруларын 6 пайызга, ал эми жалпы өлүм тобокелдигин 8 пайызга көтөргөн.

Мындан улам окумуштуулар адамдарды холестеринди аз өлчөмдө колдонууга чакырат. Ошондой эле жумуртканы, кызыл алманы, кайра иштетилген этти жана майлуу сүт азыктарын ченеми менен жегенди кеңеш беришкен.