Кыргызстанда жапайы жаныбарлар кыштан кийинки эсеп-чотко алынды. Сүрөттөр

Адистер тоо-ташты байырлаган жапайы жаныбарлардын 20дан ашуун түрүн катташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы жапайы жаныбарлар кыштан кийин алты облуста эсеп-чотко алынды. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Бул жаатта жакында эле Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарында, андан сырткары, Нарын менен Ысык-Көл дубандарынын ички аймактарында атайын топ иштеп келди.

Жаныбарларды каттоого аталган агенттиктен сырткары Илимдер академиясынын кызматкерлери жана токойчулар катышты.

"Алатай" паркындагы фотокапканга түшүп калган жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү
Адистер Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагынан атайын техниканын жардамы менен илбирс, аюу, марал, аркар, тоо теке, элик, сүлөөсүн, мадыл, каман, коен, суур, арс чычкан, түлкү, карышкыр, улар, кыргоол, чил, чөө сындуу жаныбарлардын жашарын каттаган. Ал эми Баткен облусунда жогоруда саналган жаныбарлардан сырткары 20 баш Северцов аркарларын көрүшкөн.

Учурда Кыргызстанда аңчылык кыла турган 50дөн ашык жер бар. Алардын үчөө мамлекеттин менчиги болсо, 38и менчик жана 9у коомдук деп эсептелинет. Бул жерлердин аймагы 14,77 миллион гектарды түзөт.

Эми май айынан сентябрга чейин жапайы жаныбарларды каттоонун жайкы мезгили башталат. Анын жыйынтыгы менен алынган материалдар каралып чыгып, аңчылык кыла турган аймактарга аңчылардын колдонуусу үчүн берилет.