Голландияда үч кишини атып өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Ок атуудан тогуз киши жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Голландиянын Утрехт шаарында элге ок чыгарды деген шектүү кармалганын РИА Новости агенттиги жазды.

Жаңы Зеландиядагы кыргындын видеосун жарыялаган улан камакта калды
Буга чейин маалымдалгандай, трамвайдагы ок атуудан үч киши каза болуп, тогуз киши жаракат алганы кабарланган. Нидерланддардын бийлиги аталган аймакта террордук коркунучтун деңгээли жогору экенин жарыялаган. Укук коргоо органдары бул окуяга тийиштиги бар деп Түркиянын жараны Гөкмен Танышты издеп жатканы айтылган.

Ал эми Түркиянын Anadolu агенттиги Таныштын Голландиядагы туугандарына таянуу менен ал үй-бүлөлүк чырдан улам башкаларга куралдуу кол салышы ыктымалдыгын жазды.