Facebook менен Instagram тармагындагы эротикалык сүрөттөр эми дароо өчүрүлөт

Жасалма интеллект Facebook жана Instagram тармактарындагы порнографиялык маанидеги материалдарды пайдаланып өч алуулардын алдын алуу үчүн ойлоп табылды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы жылаңач жана жарым жылаңач адамдардын сүрөт, видеосун издеп таба турган курал ойлоп тапты. Бул тууралуу соцтармактын расмий блогунда жарыяланды.

Бетиңерге эле айтайын, Instagram жалганчылардын уюгуна айланып баратат!
Ал Facebook жана Instagram тармактарындагы порнографиялык маанидеги материалдарды пайдаланып өч алуулардын алдын алуу үчүн ойлоп табылды.

Акыркы кездерде сүйүктүүсүнөн өч алуу үчүн анын интимдик сүрөт же видеолорун интернетке таратып ийгендер көбөйүп, жеке жашоонун кол тийбестигине олуттуу коркунуч жарала баштаганы айтылды.

"Эми биздин жасалма интеллект эротикалык маанидеги сүрөт менен видеолорду таап, аны модератор текшерип чыккандан кийин өчүрүп салат. Ошондой эле сүрөт же видео материалдарды бөлүшкөн адамдын аккаунтун жок кылабыз", — деди Facebook тармагынын коопсуздук кызматынын башчысы Антигона Дэвис.

Компаниядан кошумчалашкандай, мындай жол менен өч алуунун курмандыгы болгондор уялганынан эч бир органдарга кайрылбайт.