Циклон Африка өлкөлөрүн кыйратып кетти. 1000дей кишинин өлгөнү айтылууда

Кызыл чырым менен Кызыл жарым ай уюмдарынын эл аралык федерациясы кырдаалды "масштабдуу жана үрөй учурган" деп баалады.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Африканын түштүгүндөгү өлкөлөрдү "Идаи" циклону кыйратып кеткенин ВВС билдирди.

Өлкө президенти Филипе Ньюсинин айтымында, аталган табигый кырсыктан өлгөн кишинин саны Мозамбикте 1000ге жетиши мүмкүн.

Циклон бейшемби күнү Бейра шаарына жакын жерде жердин көчүшүн шарттаган. Бороон-чапкындан улам куткаруучулар кырсык болгон жерге жекшемби күнү жеткен.

БУУ дүйнөдөгү табигый кырсыктар канча адамдын өмүрүн алганын эсептеп чыкты
Расмий статистикага ылайык, суу ташкыны менен катуу шамалдан 84 адам каза таап, үйлөр кыйраган. Африка континентинин түштүк аймагында 180 киши кырсыктын курмандыгына айланганы айтылат. Дагы 1500дөй адам бактар кулап, курулуштардын ураганынан жапа чеккен.

Бейра шаарына барган Мозамбиктин башчысы циклондун кесепети абдан жаман экенин белгиледи. Ал сууда өлгөн кишилердин сөөгүн көргөнүн да кошумчалаган.

Кызыл чырым менен Кызыл жарым ай уюмдарынын эл аралык федерациясы кырдаалды "масштабдуу жана үрөй учурган" деп баалады. Анын өкүлү Жейми ЛеСёр куткаруучулар бактарга илинип калган адамдарды чыгарышканын айтып берген.

Коңшу Зимбабведе 98 адам мерт болсо, дагы 217 киши дайынсыз болуп жатканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Мындан тышкары, Малави да жабыркаган. Нөшөрдөн улам пайда болгон суу ташкыны 122 кишинин өмүрүн алып кетти.