Баңгизаттын уругун банкага салып катып... Араванда кылмыштуу топ колго түштү

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Sputnik

ОШ, 19-мар. – Sputnik. Араван районунда баңгизатын сатууга шектелген кылмыштуу топ колго түшүрүлгөнүн облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Райондук милициянын кызматкерлери 18-март күнү ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Сырт айылынын эки тургунун өздөрүнө таандык унаада баңгизатты сатуу максатында алып бара жаткан жеринен кармаган.

Алардын бири - 37, экинчиси 24 жашта экени айтылды.

"Текшерүү учурунда шектүүлөрдүн биринин жанынан 120 грамм баңгизат табылды. Бул факты боюнча атайын экспертиза жүргүзүлүп, алынган зат кара куурай экендиги аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын аталган затты кайдан алгандыгы белгилүү болуп, аны таркатуу менен алектенген 49 жаштагы жергиликтүү тургун да колго түшүрүлдү. Анын үйүн тинткенде 1 килограммга жакын көлөмдөгү баңгизат жана банкага салынган 1,2 грамм уругу чыкты, — деди Аширбаев.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.