НАСА Жерге ири астероид жакындап калганын эскертти

Астероиддин ылдамдыгы болжол менен секундасына беш чакырымга жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. EA2 астероиди Жердин жанынан, тагыраагы, 305 миң чакырым аралыкта учуп өтөт. Бул тууралуу АКШдагы космостук НАСА агенттигинин сайтына жарыяланды.

Бул Айга болгон аралыктан 80 миң чакырымга аз.

НАСА космостук кеменин станцияга кошулган видеосун жарыялады
Объект биздин планетага максималдык түрдө 22-мартта жакындайт. Анын ылдамдыгы болжол менен секундасына беш чакырымга жетип, диаметри 18ден 40 метрге чейин экени айтылды.

Сентябрь айында НАСАнын окумуштуулары Жерге көлөмү 70тен 160 метрге чейин жеткен SP1 астероиди жакындап калганын айтышкан. Аталган объект жерден 5,87 миллион чакырым аралыкта учуп өткөн.