БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Якутияда аял зордуктоого шектелген киши Кыргызстанда туулган. Бул туурасында КРдин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар аталган окуя чоң талкууга жем таштагандыгын кошумчалашты.
Кыргызстанда туулган кишиден тышкары дагы эки киши шектелип, тергөө иштери башталган.
17-мартта Якутскиде жергиликтүү эл митингге чыгып, окуяга нааразылыгын билдирген. Жагдайга тартип коргоо органдарынын бир топ кызматкери байкоо салып турган.
"Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү аймактык ички иштер бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташып, тартип бузуулардын алдын алуу боюнча иштери жүргүзүп келет. Биздин жарандар барган өлкөсүнүн мыйзамдарын сыйлап, коомчулукта өзүн алып жүрүү тартиптерин сакташы керек", — деп айтышты ИИМден.
Окуя болгон жерге КРдин Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын, Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин жана ИИМдин өкүлдөрү иштин чоо-жайын териштирүү үчүн чыгып кетти.
Аны менен кошо эле ИИМден Кыргызстандан барган мигранттардын Якутияда мыйзамсыз кылган башка иштери бар экендигин айтышты. Алардын бири социалдык тармакка жазылган пикир болгон.
Кыргызстан ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү Якутиядагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жаткан кыргызстандык жаран менен байланышкан. Мындай постту социалдык тармакта жазууга болбой тургандыгын айткандан кийин ал кечирим сурап, жазганын өчүргөн.
Кыргызстандыктардын диаспорасы анын кооптуулугун сактоо максатында Якутиядан мекенине жөнөткөн.