Эркек киши Голландиядагы шаарда элге ок жаадырды. Видео

Тартип коргоо органдары муну теракт болушу мүмкүн деген пикирлерин айтып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Утрехт (Нидерланддар) шаарында эркек киши элге ок жаадырып, анын кесепетинен үч адам курман болду. Бул туурасында РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Буга чейин бир адамдын каза таап жана бир нече кишинин жаракат алгандыгы айтылып жаткан. Окуя 24 Oktoberplein деп аталган трамвай аялдамасынын жанында болгон. Бийлик Утрехт провинциясын кооптуулук жогорку чекке жеткен аймак деп жарыялады.

YouTube каналына окуя болгон жерден тартылган видео жарыяланды.

Шаар мэри Ян ван Занен жарадар болгондордун үчөө оор абалда ооруканада жатканын айтты.

Полиция окуяны теракты катары карагандыгы, учурда окуяга шектелген Түркиянын жараны изделип жаткандыгы маалымдалды.