Россиянын жаңы элчиси Канттагы авиабазага барды

Дипломатка аскерий объектинин аймагында экскурсия уюштурулду.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко ЖККУнун "Кант" авиабазасына барды. Бул тууралуу базанын маалымат кызматынан кабарлашты.

Россиялык дипломатты штабдын жетекчиси Денис Сафонов менен командирдин орун басары, подполковник Алексей Ларин тосуп алды.

Офицерлер авиабазанын аймагында экскурсия уюштурушту.

Ал эми аскер кызматкерлери аэродромдо аскер техникалары менен тааныштырган.

Элчи сапарынын жыйынтыгында ардак коноктордун китепчесине каалоо-тилек жазды.