Радио

Мадумаров: мамкызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө Каржы министрлиги каршы

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин азыркы учурдагы айлыгынын минималдык ставкасы 5000 сомдун өлчөмүндө белгиленгендигин билдирди.
Sputnik
Мадумаров: мамкызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө Каржы министрлиги каршы

Мыйзам боюнча макамы бирдей болгон мекеме кызматкерлеринин айлык акысы да тең болушу шарт. Бирок айрым министрликтер бул эрежеден чыгып кетишкен. Бул тууралуу Акрам Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, мындай теңсиздикти жоюу максатында Мамлекеттик кадр кызматы токтом долбоорун сунуштаган. Бирок Финансы министрлиги каржы жок деген жүйөсүн айткан.

"Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы тең болсун деген атайын токтом бар. Башкача айтканда, министрликтердин баарынын макамы бирдей. Бирок Финансы, Юстиция, Экономика министрликтеринин кызматкерлери Билим берүү жана илим, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринин кызматкерлерине караганда көп маяна алышат. Бул туура эмес. Аткарган иштери, мекемелердин макамы тең болгон соң алган акчалары да бирдей болуусу шарт. Муниципалдык кызматтарда деле абал ушундай. Биз муну жөнгө салуу максатында өкмөткө токтом долбоорун сунуштаганбыз. Ага ылайык, учурда эң минималдык 5000 сом деп белгиленген ставканы 10 000 сомго көтөрүү зарыл. Ал үчүн 2019-жылга 2,5 миллиард, ал эми 2020-жылдан тарта 5 миллиард сом мамлекеттин казынасынан жумшалышы керек болчу. Финансы министрлиги мындай каражаттын жоктугунан аталган токтомду ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтып, сунушту колдогон жок", — деди Мадумаров.

Аткаминер аталган токтом долбоорунда жалпысынан 36 мамлекеттик мекемелер камтылганын кошумчалады.