КСДП расмий түрдө оппозицияга өттү

17-мартта Равшан Жээнбеков КСДПнын оппозицияга өтүшүн колдой турганын билдирген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы расмий түрдө оппозицияга өткөнүн партиянын өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.

17-мартта мурдагы депутат Равшан Жээнбеков Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып "Алмазбек Атамбаев башында турган социал-демократтардын оппозицияга өткөнүн толугу менен колдойм" деп айткан.

"Биздин партия оппозицияда болгонуна көп эле болуп калды. Равшан Жээнбековдун айткандарын тастыктайбыз", — дешти партиядан.

17-март күнү Бишкектеги "Медиа Форум" ишканасынын алдында Кыргызстан социал-демократтар партиясы митинг-реквием уюштурган болчу.