Ноорузга карата Чүй проспектиси маал-маалы менен жабылат. Убактысы

Жол тыгындарына кабылбаш үчүн айдоочуларга башка альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында өтө турган Нооруз майрамына карата даярдыктан улам Чүй проспектиси маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 18, 19-мартта саат 17:00дөн 20:00гө чейин Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан тарта Панфилов көчөсүнө дейре жабык болот.

Андыктан жол тыгындарына кабылбаш үчүн айдоочуларга башка альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.