Апта ирмеми: ак кирпиктүү кенгурудан купальникчен моделге чейин

Sputnik

"Супара" этнокомплексинде улуттук баалуулуктарды, аялзатынын сулуулугун, ийкемдүүлүгүн, талантын көрсөткөн "40 кыз" долбоору өттү.

Каракаста (Венесуэла) электр кубаты өчүп, миңдеген адамдар сууга зар болду.

Тель-Авивде (Израиль) мода жумалыгы өтүп, ар кыл купальниктер элге тартууланды.

Камыр жайып, кесме кескен кеп эмес. Бишкекте кымча бел 40 кыз жарышты
Сауд Аравияда Төө фестивалынын алкагында "Көчмөндөр ааламы" аталышындагы иш-чара өттү.

Красноярск аймагында (Россия) өткөн дүйнөлүк кышкы XXIX Универсиаданын жабылыш салтанаты.

Чехиянын Дечин шаарындагы зоопаркта кенгуру төрөлдү.

15-мартта Бишкектин Фрунзе көчөсүндө ири өрт чыкты. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү беш автоунаа барып, тилсиз жоо менен күрөшкөн.

Тель-Авивдеги купальниктердин мода жумалыгына "Евровидение-2018" сынагынын жеңүүчүсү Нетта Барзилай да катышты.

15-мартта Жаңы Зеландиядагы эки мечитте теракты болуп, андан 50 адам каза таап, дагы 50сү жаракат алды. Адамдарды өлтүргөн 28 жаштагы Брентон Таррант аттуу улутчул экени анык болду.

1 / 17
"Супара" этнокомплексиндеги "40 кыз" долбоорунун катышуучусу
2 / 17
Каракаста суу алып жаткан балдар. Электр кубаты өчүп калып, шаардыктар бир нече күн суусуз калган.
3 / 17
Россиялык союздун артисттери Сочи шаарында өткөн парад учурунда
4 / 17
Топоз минген кыргызстандыктар Сауд Аравиясында өткөн Төө фестивалында
5 / 17
Тель-Авивдеги мода жумалыгы. Купальникчен модель
6 / 17
Сууда синхрондук сүзүү боюнча Россиянын курама командасы машыгуу учурунда. Москва облусу
7 / 17
Көк беттүү кыз. Галаксидион шаарындагы фестиваль учурунда. Греция
8 / 17
Красноярск аймагында өткөн дүйнөлүк XXIX кышкы Универсиаданын жабылыш салтанаты
9 / 17
Амстердам борборундагы демонстрация. Көчөгө чыккан эл климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чара көрүүнү талап кылышты.
10 / 17
Ак кирпиктүү, кызыл тумшуктуу кичинекей кенгуру. Чехиянын Дечин шаарындагы зоопарк
11 / 17
15-мартта Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү ири өрт. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү беш автоунаа барып, тилсиз жоо менен күрөшкөн.
12 / 17
Тель-Авивдеги купальниктердин мода жумалыгы. "Евровидение-2018" сынагынын жеңүүчүсү Нетта Барзилай
13 / 17
Тибеттик жаштар конгрессинин активисттерин Кытайдын Нью-Делидеги элчилигинин жанына демонстрацияга чыккан учурда кармоо учуру. Ал Тибеттин улуттук көтөрүлүшүнүн 60 жылдыгына арналган.
14 / 17
15-мартта Жаңы Зеландиядагы эки мечитте теракт болуп, андан 50 адам каза таап, дагы 50сү жаракат алды. Адамдарды өлтүргөн 28 жаштагы Брентон Таррант аттуу улутчул экени анык болду. Сүрөттө терактынын жабырлануучусун башка аялдын сооротуп жаткан учуру.
15 / 17
Израилдик полиция Иерусалимдеги Эски шаардын жанында палестиналык аялды артка сүрүп жаткан учуру
16 / 17
Брюсселде атчан артист "Каваллуна, фантазия дүйнөсү" аттуу шоуда. Бельгия
17 / 17
"Миссури" баскетбол клубун колдогон кыздар. Сүрөт Нэшвиллде тартылган. Иш-чара Түштүк-чыгыш конференциясынын алкагында өткөн.