АКШда аял алты эм баланы 9 мүнөттө эле төрөп койду. Сүрөт

Келиндин толгоосу 4:50дө башталып, 4:59га жетпей көз жарган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. АКШда кош бойлуу келин алты эм баланы тогуз мүнөттө жарыкка алып келди. Бул тууралуу Hindustan Тimes кабарлады.

Жергиликтүү ооруканадан кабарлашкандай, Техас штатынын тургуну, кош бойлуу келиндин толгоосу болжол менен АКШ убактысы боюнча 4:50дө башталган. Бирок келин 4:59га жетпей көз жарып койгон.

"Аял эки кыз жана төрт уулдуу болду. Учурда эне менен балдардын абалы жакшы. Кайсы бир убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада болушат", — деп жазылат маалыматта.

Дарыгерлердин айтымында, алты эм төрөө мүмкүнчүлүгү 4,7 миллиард адамдын бирөөнө барабар.