Ак-Талаанын Үгүт айылында 11-класстын окуучусу бычак жеп каза болду

16 жаштагы бала күнөөсүн мойнуна алып, учурда убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ак-Талаа районундагы Үгүт айлындагы 11-класстын окуучусу бир жаш кичүү, 10-класстын окуучусунан бычак жеп каза болду. Бул туурасында Нарын облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсыктуу окуя Ак-Талаа районундагы Үгүт айлында 16-мартта кечинде, саат 21:00 чамасында болгон.

22:30 чамасында Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнө, райондук милицияга 17 жаштагы баланын бычакталып ооруканага жеткирилгендиги туурасында билдирүү түшкөн.

"Райондук милицияга Т.М. аттуу бала далысынын сол тарабынан учтуу нерсе менен жаракат алып оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, окуучу алган жараатынан каза болуп калды деп кабарланган", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматтан кийин ИИМдин Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

Бишкекте мушташмакчы болгон 18 окуучу кармалды
"Үгүт айылында болжол менен саат 21:00 чамасында Муса Баетов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Т.М. менен 10-классынын окуучусу Р.Э. аттуу баланын ортосунда өз ара пикир келишпестик чыгып кеткен. Р.Э. үйдөн ашкана бычагын алып чыгып, Т.М.ди сол далысынын тушуна сайган", — деп айтылды маалыматта.

Үгүт айылынын атын атагысы келбеген тургунунун айтымында, кырсыктуу окуя каза болгон баланын үйүнүн эмес, Р.Э. жашаган үйдөн бир там аралыкта болгон.

Маалымат берген киши бычак урган бала буга чейин активист болгондугун жана мектептин президентинин милдетин аркалап келгендигин айтты.

Ал эми Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Райымберди Мамашериповдун маалыматына таянсак, окуучу ооруканага келгенге чейин эле каза болгон.

"Т.М. аттуу бала биздин ооруканага саат 22:15те өлүү келген. Дарыгерлер анын каза болгондугун аныктаган. Бизге бычак сайылды деген маалыматты айтышты", — деп билдирди Мамашерипов.

10-класстын окуучусу, 16 жаштагы окуучу күнөөсүн мойнуна алып, учурда аталган райондогу убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Каза болгон окуучу бүгүн Үгүт айылында жерге берилди.

Соттук медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.