Жээнбеков: Кыргызстанды мафия башкарган мезгил да болду

Өлкө башчы өз сөзүндө Курандан да мисал келтирди.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандын эли эгемен жылдарында үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү. Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган да мезгил болду. Анын далилдери коомчулукка жете баштады. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков митинг учурунда билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат.

"Биз элибиздин мүдөөсүн жакшы билебиз. "Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" деп эзелтен бекеринен айтылган эмес. Мен баш болуп, бийликтин үч бутагы муну эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!" — деди Жээнбеков.

Жээнбеков Аксы окуясынын тарыхый мааниси эмнеде экенин айтты
Президент Курандан мисал келтирип, Кудайдан корккон коом — адамзат турмушундагы эӊ жакшы коом болот деп айтыларын эске салды.

Өлкө башчы ошондой таза, мыйзамды сыйлаган адилет коом курууга, жалпы эл Кыргызстандын эгемендиги үчүн курман болгон мекендештердин асыл максаттарын ишке ашырууга милдеттүү экенин белгилеп сөзүн жыйынтыктады.