Жээнбеков Аксыда ачылган спортзалга 1,5 млн. сом бөлүп берди

Мамлекет жетекчиси Аксы окуяларынын Кыргызстандагы эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштөгү маанисине токтолуп, келечекте мындай трагедиялар кайталанбашын каалады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин аймагында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата курулган музейди кыдырып чыкты. Аталган музей 2012-жылы курулган. Өлкө башчы музейдин айланасындагы жерге бак отургузду.

Жээнбеков Аксы окуясынын тарыхый мааниси эмнеде экенин айтты
Мындан тышкары, ашар ыкмасы менен курулган "17-март" спортзалынын ачылышына катышып, колдоо максатында фондусунан 1,5 миллион сом акча каражатын бөлүп берди.

Ачылыш аземинен кийин орто мектептин окуучулары Аксы окуялары боюнча кыскача театрлаштырылган оюн көрсөтүштү.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочуларды спортзалдын ачылышы менен куттуктап, Аксы районунда башка аймактардагыдай эле социалдык объектилер курулуп жатканын эске салды.

Ал дагы бир жолу Аксы окуяларынын Кыргызстандагы эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштөгү маанисине токтолуп, келечекте мындай трагедиялар кайталанбашын каалады.