Мадонна, Алсу... Атактуу ырчылардын ысымын алган кыргызстандыктар

Маалымат шайлоочулардын тизмеси жазылган документтен алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстанда дүйнөгө атагы чыккан белгилүү ырчы-чоорчулардын адаштары жашайт. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы өлкөдөгү бардык шайлоочулардын тизсмеси камтылган документти карап чыкканда белгилүү болду.

Мисалы, Кыргызстанда Мадонна аттуу үч аял бар. Ал эми россиялык ырчы Алсунун ысымын 37 кыз алып жүрөт. Земфира аталып жүргөндөрдүн саны — 80.

Ошондой эле мекендештердин арасында беш Майкл, төрт Жанет жана бир Женнифер бар.