Индонезияда суу ташкынынан 63 адам каза тапты

Аймакта нөшөрлөгөн жаан 16-март күнү башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Индонезиянын түштүгүндө жайгашкан Папуа провинциясында суу ташкынынан улам 63 адам каза тапты. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

30 секундда 25 миң киши өлгөн... Армениядагы зилзала тууралуу илимпоздун маеги
Маалыматка караганда, аймакта нөшөрлөгөн жаан 16-март күнү башталган.

Учурда куткаруучулар жардамга муктаждарды коопсуз жайга алып чыгып, дайынсыз жоголгондорду издеп жатат. Үйлөрү талкаланган 120 адам өкмөттүк имараттарга киргизилди.

Суу тартылып калганы менен куткаруу кызматы дагы деле жабыркаган аймактардын бардыгын текшерип бүтө элек.