Юстиция министрлиги Facebook баракчасындагы мыкты постторго сынак жарыялады

Министрлик сынактын шарт-талабын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Юстиция министрлиги Facebook баракчасындагы мыкты постторго сынак жарыялады. Мыкты үч посттун ээсине кол телефондор тапшырылат. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Колдонуучулардын билдирүүлөрү калктын укуктук маданиятын жогорулатуу жөнүндө болушу керек.

Сынакка катышуунун шарт-талабы:

— Жарандарды милдеттерин ак ниеттүү аткарууга жана мыйзамдарды сактоого чакырган, ошондой эле алардын укуктук жүрүм-турумунун мисалдарын камтыган пост жазуу;

— постту өзүнүн Facebook баракчасына 25-мартка чейин #правовая_культура_kg хэштеги менен жарыялап, өзүнүн беш досун белгилеп коюшу керек;

Бетиңерге эле айтайын, Instagram жалганчылардын уюгуна айланып баратат!
— даярдаган постту Юстиция министрлигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Facebook баракчасына сынак тууралуу посттун алдындагы комментарийлердин катарына #правовая_культура_kg хэштеги менен кайталап жарыялоосу зарыл;

— посттор кыргыз жана орус тилдеринде, ар кандай форматтарда – тексттик (эссе, ыр саптары), графикалык (видео, фотосүрөттөр) болуп берилсе болот;

Соңунда комиссия эң мыкты үч посту аныктап, жеңүүчүлөргө смартфондор тапшырылат.

Сынак 2016-2020-жылдарга Кыргызстандын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча концепцияны ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.